• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткендин айрым жерлеринде интернет байланышы жок болсо, кээ биринде 2G иштеп жатат

Аймак 0

Бишкек, 17.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чек арадагы атышууда Баткендин кээ бир жерлеринде интернет байланышы кыйрады. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров билдирди.

Анын айтымында, айрым жерлерде интернеттин күчү 2G болуп калды.

“Учурда тиешелүү кызматкерлерибиз калыбына келтирүү иштерин аткарууда. Акыркы маалыматка караганда, 2-3 айылда интернет калыбына келди. Белгилей кетсек, атышуу болгон жерлерде гана интернет байлыныш үзгүлтүккө учураса, калган жерлерде бул багытта мүчүлүштүк жок”, - дейт ал.

Мамбеткадыров Баткенде MegaCom компаниясы тарабынан интернет бекер берилип, жергиликтүү жарандар жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий