Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына баруучу жолдун Сары-Талаа – Кызыл-Таш бөлүгүндө кеңейтүү жумуштары жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, унаа кыймылынын багытын жакшыртуу үчүн белгилер орнотулууда. Жеринде №2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.
Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.
Пикир
Оставить комментарий