• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткендин эки айылына 223,5 млн сомго жаңы мектептер курулат

Аймак 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районундагы Алга жана Лайли айылдарында бирден жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтында маалымдалат.

Аталган долбоорлорго Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тендер жарыяланган. Алга айылындагы мектеп 225 орунга ылайыкталган. Имараттын курулушуна 85 млн 321 миң 869 сом бөлүнгөн.

Ал эми Лайли айылындагы билим берүү мекемесинин долбоорунда имарат 150 орунга ылайыкталган, бирок долбоорду ишке ашырууга көбүрөөк каражат, тактап айтканда, 138 млн 223 миң 945 сом бөлүнгөн.

Объектилерди куруунун шарттары подрядчы менен келишим түзүлгөн учурда аныкталып, каражат дароо которулат.

Пикир

Оставить комментарий