Ош, 30.05.19. /Кабар/. Баткен облусунда кургатылган жемиштерди кайра иштетүү менен алектенген "Алтын Аймак" ЖЧКсы ишканасы АКШдагы жаңы сатып алуучусуна 3 тонна өрүк сатуу боюнча келишимге кол койду.
Баткендин кургатылган өрүктөрү "Кыргызстанда жасалган" деген ат менен АКШнын "KD" чекене дүкөндөрүндө сатылууда.
Белгилей кетсек, "Алтын Аймак" ишканасы 2018-жылдын апрель айынан тарта АКШдагы сатып алуучусуна 30 тоннадан ашык кургатылган жемиш саткан.
Пикир
Оставить комментарий