• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткендин Кыштут, Суу-Башы айыл өкмөттөрүндө өзгөчө кырдаал режими алынды

Аймак 0

Бишкек 16.06.23. /Кабар/. Кечээ, 15-июнда Баткен районунун Кыштут жана Суу-Башы айыл өкмөттөрүнүн аймагында өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-июнда нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун аталган айыл өкмөттөрүнүн аймагында сел жүрүп, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 2 айыл өкмөттө тең өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Жарандык коргонуу кызматтарына тиешелүү тапшырмалар берилип, ар бир кызмат өз тармагы боюнча иш алып баруусу милдеттендирилген.

Пикир

Оставить комментарий