• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Баткендин сел каптаган аймактарында ыкчам топ иштөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Баткен облусунун сел каптаган аймактарында ыкчам топ иштөөдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгилегендей, кечээ,14-июлда кечки саат 18:15тер чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Аэропорт, Өрүкзар участкаларында 10, Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылында 3-4 үйдүн короосуна сел суулары кирген.

Жеринде ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, Баткен райондук ӨКБдан 18 жана №3 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 7 куткаруучу иш жургүзүүдө.

Ошондой эле сел суулары кирген Кадамжай районунун Чаувай, Лейлек районунун Бешкент айылындагы турак жайларда, жер төлөлөрдө жана ички арыктарда калыбына келтирүүлүүдө.

Сел кесепеттерин жоюуга атайын техникалар да тартылгандыгы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий