• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткендин жетекчилиги Исфайрам дарыясына байланыштуу тараган видео боюнча түшүндүрмө берди

Аймак 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Күн мурун социалдык тармактарда Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясына жакын аймакта Өзбекстан тарап канал куруу иштерин баштаганы тууралуу видео тараган.

Ага байланыштуу Баткен облусунун жетекчилиги төмөнкүлөрдү билдирет:

2020-жылдын 3-август күнү бир катар маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда, Исфайрам дарыясына жакын аймакта Өзбекстан Республикасы тарабынан эки атайын техниканы колдонуу менен курулуш иштери башталганын маалымдаган тасма тараган.

Видео тасма Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл аймагына караштуу Исфайрам айылынын этегинде жайгашкан Лаган каналынын жанында тартылган. Ал аймакта мамлекеттик чек ара такталган, делимитация жумуштары аяктаган. Мамлекеттик чек ара сызыгы Лаган каналы аркылуу өтүп, ал эми андан ары канал Кыргыз Республикасынын аймагы менен 15,6 км жүрүп, кайрадан Көк-Талаа айылынан Өзбек Республикасынын аймагына кирет.

Учурда Өзбек Республикасынын аймагында болуп жаткан жумуш, Өзбек Республикасынын Суу чарба тармагы тарабынан жүргүзүлүп жана ал жердеги эски арыктан ошол аймактагы суугат жерлерди толук кандуу суу менен камсыз кылуу үчүн, арыктагы толуп калган кумдарды тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу өзбек тарап Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматына 2020-жылдын 24-июлунда маалымдаган.

Ошондой эле ушул жылдын 3-августунда эки мамлекеттин Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү телефон аркылуу да байланышып, болуп жаткан жумушту такташкан.

Ал эми бул окуяны социалдык тармактарга жарыялаган жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, мындай каналды тазалоо жумуштары жыл сайын эки тараптын макулдашуусу менен жасалып турат.

Пикир

Оставить комментарий