• 87
  • 90.41
  • 0.84

Батукаевдин бошотулушу боюнча сот: Отурум 6-декабрга жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча соттук отурум болуп өттү.

Соттук отурум жабык өткөрүлдү. Отурум аяктагандан кийин сот залынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары чыгып, соттук процесс 6-декабрга жылдырылганын билдиришти. Жактоочу Сергей Слесарев белгилегендей, бүгүнкү отурумга баардык катышуучулар келген.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Кыргызстандын парламенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш факттарына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген: анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу.

А. Батукаевдин бошотулушу боюнча, убактылуу атайын комиссиянын корутундусунда, анын бошотулушу Атамбаевдин көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы айтылат.

Бул факт боюнча А. Атамбаевге, И. Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К. Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А. Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Эскерте кетсек, 2006-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен бир катар оор жана өтө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Азиз Батукаев 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий