• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Базар-Коргондун Ооган-Талаа айылында оорукананын имараты ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылында 2019-жылдан бери бүтпөй келе жаткан оорукананын курулушу аягына чыгып, ишке берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган тиешелүү жетекчилер катышып, ал эми өлкө башчысы онлайн түрдө көрдү.

Салтанатта сөз сүйлөгөн эл өкүлү Талайбек Масабиров өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга жана ишке ашырылып жаткан долбоорлорго токтолуп: “Мамлекеттин өнүгүшү үчүн аймактардагы жаңылануулар өзгөчө мааниге ээ. Ага ылайык, Президентибиз Садыр Жапаровдун колдоосу менен өлкөнүн бардык аймактарында жүздөгөн социалдык мекемелер курулуп, жолдор жаңыланып, инфраструктуралык маселелер чечилүүдө. Бүгүнкү ачылып жаткан оорукана мунун анык мисалы”, – деди.

Ошондой эле депутат курулушту аягына чыгаруу демилгесин парламентте көтөрүп, өзү да байма-бай келип, көзөмөл кылганын эске салды.

“Былтыр Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев менен да бирге келип, бул ооруканын курулушу менен таанышып кеткенбиз. Мына ошол курулуш Министрлер кабинетинин көмөгү менен аягына чыгып, 30 миң калкты тейлей турган жаңы оорукана ишке берилүүдө. Бул үчүн Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү жетекчилерге ыраазычылык билдирем”, – деди Талайбек Масабиров.

Муну менен катар аталган курулушту аягына чыгарууда депутат Айбек Алтынбеков менен мурдагы эл өкүлдөрү Мирлан Бакировдун дана Салдулла Нышановдун да салымы бар экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, Арстанбап-Ата айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылында ишке берилген аймактык оорукана 40 орунга ылайыкташкан. Анын курулушуна республикалык бюджет тарабынан 114 млн сомго жакын каражат жумшалган.

Пикир

Оставить комментарий