Базар-Коргон районунда сел жүрдү. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 16-июлда болжол менен саат 15:00дө Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда сел жүргөн. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалыматка ылайык, катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Арсланбап айылында жайгашкан 7 турак үйдүн ичине кирип, ички чарбалык унаа жолдорду каптаган.

Жерине селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларын жүргүзүү үчүн 20 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 70 киши тартылган.

Пикир

Оставить комментарий