• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Базар-Коргон районунда жаңы оорукананын курулушу аяктап калды

Аймак 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы оорукананын курулушу дээрлик 95 пайызга бүткөрүлдү.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Долбоор боюнча 2 кабаттуу имарат терапия жана төрөт бөлүмдөрү бар, №11, №12 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу поликлиникасы менен каралган. Имараттын жалпы аянты 2379 чарчы метрди түзөт.

Курулуш-монтаждоо иштери “Сантехмонтаж” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий