• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Базар-Коргондо муниципалдык менчиктеги 15 суу скважинасы оңдоодон өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагында муниципалдык менчиктеги 15 даана сугат суу скважинасы ремонттон өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн президенттин өкүлү Тилек Текебаев Базар-Коргон районунун Турпак-Коргон айылындагы оңдоодон өткөрүлгөн сугат суу скважинасын колдонууга берүү иш-чарасына катышты.

Сайдыкум айыл аймагында акыркы жылдары сугат сууга болгон тартыштык көбөйүп, жергиликтүү тургундарга дыйканчылык иштеринде көйгөй жаралып келген. Аны чечүү максатында Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен айылдагы 15 даана сугат суу скважинасы ремонттон өткөрүлдү.

Облус башчысы жергиликтүү жашоочуларды куттуктап, айыл чарбасын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Келээрки жылдан тарта айылдагы мелиорация жана сугат маселелери боюнча көйгөй жөнгө салынганын айтып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым болгонун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан Сайдыкум айылындагы муниципалдык менчикте турган 15 даана скважинаны оңдоо жумуштарына 16 млн 532 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий