• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Базар-Коргондун Арстанбап айылында сел жүрдү

Аймак 0


Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 23-июлда саат 18:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары аталган айылдын ички жолдорун каптаган.

Учурда жол каттамы ачык.

Жерине саат 18:55те Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган. Мындан сырткары, Арстанбап айылында көзөмөл жүргүзүүгө ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси Абдулнасир Закиров жөнөп кетти.

Пикир

Оставить комментарий