• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Базар-Коргондо селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Аймак 0


Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Бүгүн саат 07:00дө Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында селдин кесепеттерин жоюу иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, аймакта 9 турак жайды, 1 социалдык объектини жана соода дүкөндөрдү сел каптаган. Таң эрте ӨКМден 77 куткаруучу тартылып, тазалоо жумуштарын башташты.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов тиешелүү жетекчилер менен жеринде көзөмөлдөө иштерин жүргүзүүдө.

Жарандык коргонуу кызматтарынан техникалар тартылып, сел каптаган ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү жумуштары аткарылууда.

Мындан сырткары, селге аккан автоунаа ээлерин тактоо жана унааларды коопсуз жайга чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Белгилей кетсек, күн мурун, 23-июлда саат 18:30дар чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Арстанбап айылынын ички жолдорун каптаган.

Пикир

Оставить комментарий