• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Базар-Коргондо тааныштарын 1,5 млн сомго алдап кеткен аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Базар-Коргон милициясы 1,5 млн сомдон ашуун акчаны алдап кеткен аялды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 3 жаран арыз менен кайрылышып, 2021-жылдын октябрь айынан бери 54 жаштагы аял Базар-Коргон районунун борбордук базарынан жана башка аймактарынан жер алып берем деп акча алып, бирок азыркы күнгө чейин жер алып бербей, же акчасын бербей качып жүргөндүгүн билдиришкен. Жабырлануучулар жалпысынан 1 млн 553 миң сом материалдык зыян тартышкан.

Бул окуя Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну 1969-ж.т. А.Ч. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бүгүн 15-ноябрда анын баш коргоо чарасы Базар-Коргон райондук сотунда каралат.

Эгерде кылмыш ишине шектелген жарандан жабыр тарткандар болсо Базар-Коргон РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, же 03736 5 01 91 номерине кайрылсаӊыздар болот.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий