• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Базар-Коргондо "Жаңгак токою − жаштарга жашыл мурас" фестивалы өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Күн мурун Базар-Коргон шаарынын Үсөн Сыдыков атындагы эс алуу багында “Жаңгак токою − жаштарга жашыл мурас” аталышындагы фестиваль өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин аймактагы өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты.

Алгач облус башчысы Базар-Коргон шаарынын борборук бөлүгүндө жайгашкан “Жаштар” жана “Үсөн Сыдыков” эс алуу багын толук реконструкциялоо багытында даярдалган долбоор менен таанышып, бир катар сунуш-пикирлерин билдирди. Ага катар борбордук аянттагы асыл тукум мал чарбачылыгы жана айыл чарбага багытындагы атайын жаңы техникаларды көрдү.

Ыйгарым укуктуу өкүл район аймактарынан алынып келинген мөмө жана жер-жемиштер, дан эгиндери, ошондой эле эт, кайра иштетүү багытында даярдалган азыктардын жарманкеси менен таанышып чыкты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн облус башчысы Тилек Текебаев Базар-Коргон районунун тургундарын жаңгак фестивалынын өтүшү менен куттуктады.

Аталган демилгенин максаты, жаштар жана жергиликтүү калк арасында токойлордун уникалдуулугун жайылтуу, токой экосистемасын сактоо, жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу болуп саналаарын белгиледи. Ага катар жашоочуларды жаңгак жемишин Базар-Коргон районунун бренди катары таанытуу үчүн салым кошууга чакырды.

Фестивалдын соңунда аймактын туристтик потенциалы, учурдагы абалы жана көйгөйлөрүн талкуулаган жыйын өттү.

Жалал-Абад облусунун аймагында 38 миң гектардан ашуун Кыргызстандагы чоң табигый түрдө өскөн жаңгак токтойлору орун алган. Алардын арасынан эң чоң аянт Базар-Коргон районунда жайгашкан.

Ушул жылдын 9 айында Жалал-Абад облусунан 417 миң тоннадан ашуун жаңгак экспортко чыгарылган. Андан 1 млрд 350 млн сомго жакын киреше түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий