• 87
  • 90.63
  • 0.79

Базар-Коргондо Жазаларды аткаруу кызматынын жаңы имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Базар-Коргон районунда айыл аймагында Жазаларды аткаруу кызматынын №10 мекемесинин жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган жай Жалал-Абад шаарынан Базар-Коргондун Бешик-Жон айыл аймагына көчүрүлгөн.

Бүгүн мекеменин ачылышына президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев жана юстиция министри Аяз Баетов катышты.

Жаза аткаруу жайынын көчүрүү аракети КР министрлер кабинетинин 2022-жылдагы атайын токтому менен ишке ашырылды. Ага жалпы 13 гектар жер аянты ажыратылып, курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланган.

Облус башчысы Тилек Текебаев, буга чейин Жалал-Абад шаарынын чок ортосунда жайгашкан абакты, калктуу конуштан тышкары жерге көчүрүү аракети — коомдук коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле аймактык өнүгүү үчүн маанилүү чечимдердин бири болгонун белгиледи.

Ыйгарым укуктуу өкүл Жазаларды аткаруу системасы – соттолгондорду кайрадан тарбияланып, коомго пайдалуу инсан болуп кайтып келүүсүнө шарт түзүүчү негизги институт экенин айтты. Ага катар жаңы мекеме эл аралык адам укуктарынын талаптарына жооп берген, жазасын өтөп жаткан жарандар үчүн гумандуу шарттар камсыздалганын кошумчалады.

Жаңы объектте соттолгондор иш менен камсыз болуп, күнүнө 40 миң даана кыш чыгаруучу завод, тигүү цехи, темир устачылык, нан бышыруучу жай жана башка бир катар багыттар боюнча цехтер ачылган.

Мекеменин курулуш иштери 2022-жылдын августунда башталган.

Пикир

Оставить комментарий