• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Базар-Коргондогу жайлоодо абалы начарлаган келин тик учак менен Бишкекке алып келинди

Коом 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Базар-Коргон районунун Отуз-Ат жайлоосунан тик учак менен алып келинген келин Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн бирине жаткырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 9-июль күнү саат 22:20 чамасында Отуз-Ат жайлоосунда 28 жаштагы А. кызы Н. аттуу келиндин абалы оорлоп жаткандыгы, тик учак керектиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жайлоого барчу автоунаа жолу жок болгондуктан тез арада келинге медициналык жардам көрсөтүп, анын өмүрүн сактап калууга жерине тик учак жиберилген.

“Бишкектен учкан учак менен дарыгерлер да барган. Алар келинге алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, кайра борбор калаага учуп келишкен. Келин борбордогу төрөт үйлөрүнүн бирине жаткырылды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий