• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Базар-Коргондун Кара-Жыгач айылында жаңы мектептин ачылыш аземи өттү

Аймак 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Кара-Жыгач айылында жаңы мектептин ачылыш аземи өттү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков, Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагулов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Белгиленгендей, Алтай Осмонов атындагы 150 орундуу жаңы мектептин курулушу 2021-жылы башталып, быйыл 1-сентябрда муктаждыкка байланыштуу пайдаланууга тапшырылган.

Кошумчалай кетсек, Кара-Жыгач айылындагы аталган мектептин эски имараты 1965-жылы ашар жолунда курулуп, 2014-жылы ӨКМ тарабынан жараксыз деп табылган. Акыркы 2 жылдан бери мектептин башталгыч класстарынын окуучулары жеке турак жайда билим алып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий