• 87
  • 91.29
  • 0.84

Базар-Коргондун Ооган-Талаа айылында жаңы аймактык оорукананын имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынын Ооган-Талаа айылында жаңы аймактык оорукананын имараты ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, район акими Мирлан Карагулов жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.

Оорукананын курулушу 2018-жылдын октябрь айында башталган. Жалпы 40 орундуу медициналык мекеме республикалык бюджеттен каржыланып, ага 113 млн 641 миң сом акча каражаты жумшалган.

Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынын Ооган-Талаа айылында 8 миң 582 калк жашайт.

Пикир

Оставить комментарий