• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бажы кылмыштары боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам 2024-жылдын 5-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, аларга ылайык бажы органдарына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде (Экономикалык контрабанда), 241-беренесинде (Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу), 285-беренесинде (Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдардын контрабандасы) көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча тергөө жүргүзүүгө ыйгарым укук берилет.

Пикир

Оставить комментарий