Бажы кызматкерлери айыл чарба техникасын ажыратып алуу фактысын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. "Түндүк" темир жол бажысынын кызматкерлери айыл чарба техникасын ажыратып алуу фактысын аныкташты.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиргендей, бажы кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагына мурда ташып киргизилген бажы көзөмөлү астындагы негизги каражаттардын иш жүзүндөгү жайгашкан жери жана максаттуу пайдаланылышы боюнча текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

"Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө КР жарандары М.Т.К. жана К.Ж.К. (аттарынын башкы тамгалары өзгөртүлгөн) айыл чарба техникаларын (2017-жылы чыгарылган 2 даана BELARUS 892 тракторлору) бажы органына билдирбестен ээликтен ажыратканы аныкталды. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 514 миң 203 сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты тиешелүү органда каттоого алынып, КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, ЕАЭБдин Бажы кодексине ылайык, бажыга билдирбестен жана бажы алымдарын төлөбөй туруп, шарттуу түрдө чыгарылган товарлар ажыратылбайт жана үчүнчү жактардын пайдасына өткөрүлүп берилбейт.

Пикир

Оставить комментарий