• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бажы кызматкерлери аткезчилик жолу менен ташылып келген 7,5 млн сомдук товарды аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Бажы кызматкерлери аткезчилик жолу менен ташылып келген 7,5 млн сомдук товарды аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери тарабынан Кытайдан “Д.А.” ЖЧКнын дарегине келген жүккө бажылык тыкыр кароо жүргүзгөн учурда төмөнкү декларацияланбаган товарлар табылган:

1. Банкадагы таблеткалар(арыктоо каражаттары) "REBORN" аталышы менен - 4 кутуча 288 даана, жалпы салмагы 82,96 кг.

2. Банкадагы таблеткалар (арыктоо каражаттары) "FATzorb" аталышы менен - 16 куту 400 даана, жалпы салмагы 387,2 кг.

Кармалган товардын жалпы салмагы 470,16 кг (7552 банка) жана товардын болжолдуу орточо базар баасы 7 млн 552 миң сомду түздү.

Буга байланыштуу аталган факты Түштүк-Батыш бажысынын КЖБР МЭЖ АМСнын каттоосуна алынып, КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облустук прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий