Бажы кызматы: Июнда 9,8 млрд сом бажы төлөмдөрү чогултулду

Экономика 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын июнунда республикалык бюджетке 9,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү түштү. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 106,1%га аткарылды же 558,4 сомго ашыкча жыйналды.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүү 1,4 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 117,3%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий