• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Бажы кызматы жеңил унааларды мыйзамсыз ташып кирүүнүн жөнгө салынган схемасын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы жеңил унааларды мыйзамсыз ташып кирүүнүн жөнгө салынган схемасын аныктады.

Ведомстводон билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө унааны курама бөлүктөргө ажыртылган түрдө ташып келүү фактылары аныкталып, алар бажы органына жүк тууралуу так эмес маалыматтар берип, «автотетиктер» түрүндөгу товар ар кайсы убакта ар кайсы жактардын атына алынып келинген. Андан ары Чүй облусунда унаа техникалык тейлөө станцияларында чогултулган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде К.А.Г. аттуу жарандын башкаруусундагы 2015-жылы чыгарылган «Lexus GX 460» үлгүсүндөгү унаа кармалган. Бул факт боюнча төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 млн 672 миң 528 сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АМСта катталып, материалдар КР мыйзамдарына ылайык маңызы боюнча кароо үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий