• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бажы кызматына статистикалык маалыматтарды иретке келтирүү тапшырмасы берилди

Коом 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик бажы кызматынын жыйынтыктоочу коллегиясында жетекчиликке статистикалык маалыматтарды иретке келтирүүнү тапшырды.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин бажы кызматынын базасында жарандардын, автоунаалардын жана жүктөрдүн чыгуу жана кирүүсү боюнча маалыматтар жок.

"Салмак жана өлчөмдөрдү көзөмөлдөө боюнча гана статистикалык маалымат бар. Бирок, ал жерде да маалыматтар толук эмес. Бажы жана чек ара кызматы биргеликте бул көйгөйдү иретке келтириши керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий