• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бажы кызматынын башчысы ЕЭК коллегиясынын мүчөлөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 30-сентябрда Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча коллегиясынын мүчөсү (министр) Максат Мамытканов жана ЕЭКтин Экономика жана финансы саясаты боюнча коллегиясынын мүчөсү Руслан Бекетаев менен жолукту.

Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар иштин алкагында өткөрмө пункттарынын материалдык-техникалык жабдылышынын жүрүшүнө убактылуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарын талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү суроолор талкууланды:

1.Евразия экономикалык бирлигинде ташууларга байкоо жүргүзүү үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча.

2.Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимди колдонушу боюнча өткөөл жоболору жана шарттары жөнүндө Протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколго кол коюу үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө.

3.Кыргыз Республикасын мамлекеттик чек арадагы бардык өткөрүү пункттарын жайгаштыруу жана техникалык жабдуу бөлүгүндө иш-чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу.

4.Өткөрүү пункттарынын модернизациясы аяктагандан кийин ЕАЭБдин бажы талаптарына алардын шайкештиги жөнүндө чечим кабыл алуунун артыкчылыктуу варианты жөнүндө.

Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков каралган маселелердин маанилүүлүгүнө токтолуп, Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында алган милдеттерин аткарууну уланта тургандыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий