Бажы кызматынын сall-борбору пайдаланууга берилди

Коом 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын сall-борбору өндүрүштүк пайдаланууга берилди.

Ведомстводон билдиришкендей, сall-борбору иш күндөрү саат 9.00дөн 18.00гө чейин иштейт. 1240 кыска номерине (чалуу акы төлөнөт), ошондой эле Whatsapp (+996 500 910850) социалдык тармагы жана МБКнын https://customs.gov.kg расмий сайтында жайгаштырылган онлайн чат аркылуу байланышсаңыз болот.

Борборду негизги максат – сооданы өнүктүрүүдө көмөк көрсөтүүгө багытталган жол-жоболорду жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү, ошондой эле жарандардын жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын жана башка кызыкдар тараптардын суроо-талаптарына ыкчам жооп берүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 25-декабрында сall-борбор пилоттук режимде ишке киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий