Бажы кызматынын "Смарт Бажы" системасы дүйнөдөгү эң мыкты төрттүккө кирди

Коом 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын "Смарт Бажы" системасы C4DTI Digital Trade Awards сынагынын жыйынтыгы боюнча "Мыкты бажы программалык системасы/Жылдын технологиялык чечимдерди жеткирүүчүсү" категориясында мыктылардын бири деп табылды.

Мамлекеттик бажы кызматынан маалымдашкандай, сынак Санариптик соода жана инновациялар борборунун флагмандык иш-чарасы болуп саналган жыл сайын өтүүчү Digital Trade Conference (DTC) эл аралык конференциясынын алкагында өттү.

C4DTI Digital Trade Awards сынагынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын Бажы кызматынын "Смарт Бажы" системасы дүйнөдөгү мыкты 4 бажы системасынын катарына кирди.

"Калыстар тобу көрсөтүлгөн долбоордун сапатын жана инновациясын жогору баалап, анын санариптик сооданы өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "Смарт Бажы" – бул бажы операцияларын оптималдаштырууга жана модернизациялоого арналган, веб-технологиялардын базасында заманбап санариптик платформа. Ал ар кандай подсистемаларды бириктирет жана бажы операцияларынын катышуучуларын бирдиктүү системага байланыштырат.

"Смарт бажыны" киргизүү тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын, бажы жана мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу максатында бажы операцияларын тездетүүгө, натыйжалуулукту жогорулатууга жана процесстерди стандартташтырууга багытталган.


ICC Centre for Digital Trade and Innovation (C4DTI) санариптик чечимдердин сынагы. C4DTI – бул Улуу Британиянын Эл аралык соода палатасы жетектеген глобалдык демилге. C4DTI – Эл аралык соода палатасынын санариптик стандарттар демилгеси, чет өлкөлүк өкмөттөр, ишкер топтор, компаниялар жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташкан, тармактын муктаждыктарына багытталган жана өкмөт тарабынан колдоого алынган жеке-мамлекеттик өнөктөштүк болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий