• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү пункту ачылат. Мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Биргелешип 1996-жылдын 6-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек арада өткөрүү пункттарын ачуу жана алардын режими тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кошумча макулдашууну түзгөн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин ортосундагы 2024-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Алмашуу ноталарында кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу каралган, ал өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга, товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүүгө, анын ичинде “Бир алкак - бир жол” долбооруна Кыргыз Республикасынын катышуусунун алкагында эки өлкөнүн чек ара кызматташтыгына оң таасирин тийгизет.

Пикир

Оставить комментарий