• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

"Бейиш эненин таманында" тасмасы Москвада өткөн кинофестивалда баш байгени жеңди

Маданият 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Режиссёр Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы Москвада өткөн “Будем жить” XIII эл аралык кинофестивалынын баш байгесине татыды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Москва шаарындагы Борбордук кино үйүндө уюштурулган иш-чарага Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү катышкан.

"Сынактын баш байгесине кыргызстандык режиссёр Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы татыды. Тасмада эненин уулуна болгон сүйүүсүнүн күчү тууралуу окуя баяндалган.

Ошондой эле бул тасма "Мыкты оператордук иш" номинациясында да сыйлык алды (оператор Каныбек Калматов)", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, эл аралык фестивалга катышууга 15 өлкөдөн 400дөн ашык эмгек жөнөтүлгөн. Сынактын программасына толук метраждуу жана кыска метраждуу көркөм фильмдер, ошондой эле даректүү фильмдер кирди.

Маалымат үчүн: "Будем жить" эл аралык фестивалы Москва шаарынын маданий турмушундагы негизги иш-чаралардын бири болуп саналат, ал жыл сайын борбор калаанын түрдүү жайларында өткөрүлөт. Кино көрсөтүүнүн негизги максаттары жана милдеттери көрүүчүлөрдү атамекендик жаңы тасмалар жана алардын жаратуучулары менен тааныштыруу, түрдүү коомдук аянтчаларда көрсөтүү аркылуу тасмалардын аудиториясын кеңейтүү, ошондой эле белгилүү чеберлер менен кинорежиссерлордун тажрыйба алмашуусу болуп саналат.

Фестивалдын программасы көрүүчүлөрдүн маданиятын өнүктүрүүгө жана адеп-ахлактык жана руханий баалуулуктарды жайылтууга багытталган заманбап россиялык жана чет өлкөлүк авторлордун тасмаларынан турат.

Пикир

Оставить комментарий