• 86.17
  • 93.86
  • 0.87

"Бейиш эненин таманында" тасмасы "Оскар" сыйлыгына ат салышат

Маданият 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Бүгүн Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты чет тилдеги тасма" номинациясына катыша турган тасма тандалды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, кинорежиссер Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" аттуу тасмасы кыргыз маданиятын дүйнөлүк аренада таанытууга мүмкүнчүлүк алды.

Тасма психикалык өнүгүүсү 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган өзгөчө инсан 35 жаштагы Адилдин 75 жаштагы апасы Райхан апанын айылдагы жашоосун, эне-баланын укмуштуу окуялар менен коштолгон Меккеге болгон сапарын баяндайт.

97- "Оскар" сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында АКШнын Лос- Анжелес шаарында өтөт.

Маалымат үчүн: "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты чет тилдеги тасма" номинациясы (The Academy Award for Best Foreign Language Film) - жыл сайын АКШда негизделген Кинематографиялык искусство жана илимдер академиясы тарабынан ыйгарылат. Бул номинация негизинен чет тилдеги (англис тилинде эмес) башка мамлекеттердин толук метраждуу тасмаларына берилет.

Пикир

Оставить комментарий