• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бейшеналиев: Балдардын ден соолугунун начардыгы продукциянын сапатсыздыгына байланыштуу

Коом 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. “Медицина кызматкери катары жаңы төрөлгөн наристелердин жана балдардын ден соолугу начар экенин айта алам”, - деп билдирди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи райдионун” түз эфиринен.

Анын айтымында, азыр тамак-аш азыктарын, жалпы тамактануучу жайларды текшерүүгө мораторий бар.

“Эгер арыз түшсө биз текшерүү барары жөнүндө аларга 10 күн алдын эскертишибиз керек. Азыр биз Жогорку Кеңешке жалпы тамактануучу жайларды текшерүүгө моратрийди алуу тууралуу мыйзам долбоорун киргиздик, эгер ал өтсө, санитардык дарыгерлер аларды мурдагыдай эле текшере башташат. Тамактануучу жайлар, кафелер санитардык нормаларды сактабастан иштеп жатышат. Эгер биз аларды текшере турган болсок, алар киргизишпейт, текшерүүгө документ талап кылышат. Ошондой эле, эттин сапатын Айыл чарба министрлиги да тиешелүү деңгээлде текшериши керек. Дарыгер катары айта алам, азыр жаңы төрөлгөндөрдүн жана балдардын ден соолугу өтө начар - бул продукциянын сапатына, экологияга жана башка көптөгөн факторлорго байланыштуу. Биз алдын алуу чараларын киргизүүнү пландап жатабыз, андыктан текшерүүнү баштоо үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек болот”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий