• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бейшеналиев депутаттарга "Кыргызфармациянын" ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында салааттык сактоо министри Алымкадыр бейшеналиев "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

Анын айтымында, "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы 2023-жылы президенттин жарлыгы менен түзүлгөн. Ишкананын максаты жана милдети мамлекеттик медициналык мекемелерди, андан кийин калкты дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен кыйла жеткиликтүү баада камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга принциптүү жаңы мамилени камсыз кылуу.

Министр бул ишкана мамлекеттик медициналык мекемелер үчүн дары-дармектерди борборлоштурулган негизде сатып алууну ишке ашырат, мындан улам дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын наркы бир кыйла төмөндөй турганын белгиледи.

"2024-жылдын 4 ай ичинде «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына саламаттык сактоо уюмдарынан түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасы 445 701 миң сом түздү, ал эми чыгашалардын жалпы суммасы 614 385 миң сом түздү", - деди ал.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү дары-дармектер чоң социалдык мааниге ээ болгон товар экенин баса белгилеп, жарандардын дары-дармекке болгон жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, "Эл аман" мамлекеттик дарыкана тармагын мындан ары өнүктүрүү, дары-дармектердин баасын төмөндөтүү, дары рыногун жөнгө салуу жаны аны контрафакттык продукциядан коргоо жана башка көптөгөн актуалдуу маселелерге көңүл бурушту.

Андан тышкары, жыйында жашы жете элек балдарга карата зомбулук аракеттерди алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иштер жана жашы жете элек балдарга карата ырайымсыз зомбулук жасаган адамдарга карата көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалыматы угулду.

Пикир

Оставить комментарий