Бейшеналиев кыргыз-түрк достугу ооруканасында боор алмаштыруу операциясына даярдыктар менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары Медербек Алиев, Гуля Кожокулова, Айбек Маткеримовдор боор алмаштыруу пландалып жаткан кыргыз-түрк достугу ооруканасына барышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр депутаттар менен бирге ооруканада боорду алмаштыруу боюнча медициналык мекеменин даярдыгы менен таанышып, татаал операция жасала турган бейтаптар менен жолугушту.

Министр жана депутаттарга боорду алмаштыруу боюнча операциялардын ийгиликтүү өтүшү үчүн көрүлүп жаткан даярдык иштери жана оорукана тууралуу кеңири маалымат берилди. Адистер дарылоо процессинде колдонула турган заманбап жабдууларды жана технологияларды көрсөтүштү.

Саламаттык сактоо министри трансплантация жасоонун маанилүүлүгүн белгилеп, түрк кесиптештерине колдоо көрсөтүп, жарандардын ден соолугун чыңдоого салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Боорду трансплантациялоо – бул эң жогорку билимди жана кесипкөйлүктү талап кылган татаал жана жогорку технологиялык процедура, биз түркиялык адистердин жана биздин жергиликтүү адистердин биргелешкен аракетинин аркасында бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашырып, бейтаптарыбызга жардам бере аларыбызга ишенебиз", - деди министр.

Иш сапардын соңунда министр жана депутаттар боорун алмаштыруу операциясына даярданып жаткан бейтаптар менен жолугушуп, тезирээк сакайып кетишин каалашты.

Пикир

Оставить комментарий