Бейшеналиев менен Палестина элчиси саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 21.05.24./Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Джавад Авад менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда тараптар кызматташуу жана былтыр кол коюлган Кызматташуу меморандумун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Палестина тарап өз өлкөсүндөгү саламаттык сактоо системасындагы абал, саламаттык сактоо жана фармацевтика тармагындагы кызматташуунун келечеги тууралуу маалымат берди.

"Бүгүнкү жолугушуубуз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн башталышы болот деген ишенимди билдиргим келет.

Биз силердин жеке фармацевтикалык өндүрүшүңөр жаатында кызматташууга кызыкдарбыз, анткени биздин өлкө учурда бул жаатта импортко көз каранды. Бул маселени чечүү үчүн атайын ведомстволук уюм – "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы түзүлдү, анын максаты өлкөнүн калкынын жана саламаттык сактоо системасынын дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга болгон керектөөлөрүн түз өндүрүүчүлөрдүн баасында жабуу болуп саналат.

Буга байланыштуу сиздерден жардам күтөбүз жана кызматташууга толук даяр экенибизди билдиребиз”, - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бекем байланыштарды түзүү жана Палестинанын саламаттык сактоо системасы менен жакындан таанышуу үчүн Палестинага иш сапар менен баруунун үстүндө иштөөнү макулдашты.

Эскерте кетсек, өткөн жылы эки өлкөнүн Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда эпидемиология, коомдук саламаттык сактоо, тамак-аш коопсуздугу, хирургия, нейрохирургия, кан тамырлар, хирургия, анестезиология, пластикалык / күйүк хирургиясы, медайымдык иш жана фельдшерлер, саламаттыкты сактоону башкаруу; жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо, фармацевтикалык өнөр жай жана дары-дармектердин маркетинги сыяктуу тармактарда кызматташууну караган саламаттык сактоо тармагындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий