• 84.2
  • 92.98
  • 0.92

Бейшеналиев Түркиядан трансплантациялоо боюнча окутуудан өтүп келген дарыгерлер менен жолугушту

Ден соолук 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргыз-түрк достук ооруканасына барып, оорукананын башкы дарыгери жана Түркиядан трансплантациялоо боюнча окутуудан өтүп келген дарыгерлердин бригадасы менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда министр кесиптик өнүгүүгө болгон умтулуусу үчүн дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирип, алган билимдерин жана көндүмдөрүн Кыргызстанда иш жүзүндө колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түрк достук ооруканасында трансплантациялоону өткөрүү пландары жана келечеги талкууланды. Анда түрк адистеринин келиши күтүлүп жатканы айтылды. Министр команданын даярдыгы жана керектүү жабдыктардын абалы тууралуу сурады.

Жолугушуунун аягында Алымкадыр Бейшеналиев трансплантация операциясын жүргүзүү үчүн даярдык ишин баштоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий