Бекмурзаев: Сары-Жаз аймагына ГЭС куруу боюнча жаңы долбоорлор даярдалууда.

Экономика 0


Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Кыргызстан гидроэнергетикалык ресурстарга өтө бай өлкө. Бул потенциалды колдонуп калууга болгон аракетти жумшоо керек. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев социалдык тармактагы барасына жазды.

Ал билдиргендей, азыркы тапта ГЭС куруунун ишке ашырыла элек долбоорлору изилденип, жаңы долбоорлорду даярдап, инвестор издеп жаткан учуру.

"Бийик тоолуу Сары-Жаз аймагында 1980-жылдары эле жалпы кубаттуулугу 1,1 миң мегаватт болгон үч ГЭСтин каскадын куруу боюнча иштер каралып баштаган. Курулуш иштери пландалып жаткан жердеги дарыя ачылмалары климаттык катаал шартта, кол жеткис жерлерде жайгашкан. Бирок, бул шарттар бизди чочуткан жок. Энергетика тармагы Кыргызстандын экономикасынын флагманы боло алат деп ишенем. Ал үчүн бизде бардыгы бар", - деди Бекмурзаев.

Пикир

Оставить комментарий