Бишкек, 31.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанга коңшу өлкөнүн президенттери келип, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу талкууланат. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу акыркы 30-40 жылда айтылып келген.
“Токтогул ГЭСинде 19,5 млрд куб метр суу болсо, Камбар-Ата-1 курулуп калса, анда 5 млрд куб метр суу топтолгонуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кургакчылык маалында Камбар-Ата-1дин жардамы менен көйгөйдөн чыга алабыз”, - дейт ал.
Бекмурзаев майда коңшу өлкөнүн башчылары Кыргызстанга келерин айтты.
“Анда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу каралат. Эгер коңшу өлкө курулуш ишине кошулбаса, анда биз өз алдынча курабыз. Ага мүмкүнчүлүгүбүз жетет”, - деп айтат министр.
Пикир
Оставить комментарий