• 86.5
  • 91.43
  • 0.87

Бексултан Жакиев: Биз “Манас” менен элбиз

Коом 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. “Элибизди атуулдук духка, кең пейилдикке тарбиялайлы десек “Манасты” билишибиз керек. Биз “Манас” менен элбиз”. Мындай оюн КР Баатыры, жазуучу жана драматург Бексултан Жакиев “Манас” эпосунун күнүнө карата өткөрүлгөн “Манас – кыргыз рухунун туу чокусу” аттуу илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңеште “Манас” эпосунун күнүнө, манасчылар Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына, Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына жана Шаабай Азизовдун 90 жылдыгына арналган “Манас – кыргыз рухунун туу чокусу” аттуу илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, жазуучу жана драматург Бексултан Жакиев 2003-жылы ЮНЕСКО тарабынан кыргыз элинин манасчылык, дастанчылык жана төкмөлүк өнөрү адамзаттын оозеки мурасынын шедеври деп жарыялангандыгын эске салып, анын негизинде ЮНЕСКО тарабынан кыргыз элинин мындай улуу өнөрүн өркүндөтүүгө чоң каражат бөлүнүп, өлкө аймагына баардык жабдуулары менен өнөрканалар ачылгандыгын эске салды. “Дөөлөт, Самат, Улан сыяктуу манасчылар ошол каражатка курулган өнөрканалардан тарбияланып чыккан”-, дейт ал.

Өз сөзүндө Б.Жакиев “Манас” эпосунун бүгүнкү күндө айтуусучу бар жападан жалгыз тирүү эпос экендигин баса белгилеп, Жогорку Кеңеште илимий конференция өтүп, “Манас” эпосу баркталып жаткандыгын жакшы жөрөлгө катары баасын берди. Ошону менен катар “Манасты” изилдеген окумуштуулардын эмгеги бааланышы керектигин айтып: “Элибизди атуулдук духка, кең пейилдикке тарбиялайлы десек “Манасты” билишибиз керек. Биз – “Манас” менен элбиз. “Манасты” билбеген кыргыз деле болуп жарытпайт”,- дейт КР Баатыры Б.Жакиев.

Ал эми КР Улуттук илимдер академиясынын академиги Абдылдажан Акматалиев бүгүнкү күндө Кыргызстанга эң зарыл болгон туруктуулук, ынтымак, биримдик “Манас” эпосунун тулку боюнда сиңирилип, камтылгандыгына токтолду. Ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Манас” эпосу жөнүндө мыйзамда эпостун классикалык варианттарынан четтеп, бурмалоого, Манасты тарыхый контекстен алып салуу аракеттери боло калып жаткандыгын билдирип, мыйзам талаптары сакталбай жаткандыгын баса белгиледи. “Эпостон бир сапты жулуп алып, аны ар кандай чечмелөөлөр көп болуп жатат. Андай жеке кызыкчылык үчүн өзгөртө берип, ошентип, эпосту майдалоого жол берип отуруп “Манастын” тамырын үзүп албайлык”,- деген кооптонуусун айтты. Окумуштуу А.Акматалиев Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Мамбет Чокморов, Тоголок Молдо сыяктуу улуу манасчылардын варианттары боюнча манас айттырып, манасчылар арасында сынак уюштуруу сунушун ортого салды.

Пикир

Оставить комментарий