• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Бельгияда Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына жана "Манас" эпосуна арналган кече өттү

Коом 0

Бишкек, 14.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Бельгиядагы элчилигинде Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына жана "Манас" эпосунун мурастарына арналган кече өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулуп, конокторго Т.Герцендин “Манас” эпосуна арналган иллюстрациялар галереясы жана Ч.Айтматовго арналган сүрөт көргөзмө тартууланды.

Кеченин негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири кыргыздын салттуу боз үйүнүн орнотулушу болду. Анда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Кыргызстандын бай маданий мурастары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Ошондой эле коноктордун таасирлери жана каалоо-тилектери Ч.Айтматовдун кабинет-музейиндеги ардактуу коноктордун китебинде чагылдырылды.

Пикир

Оставить комментарий