• 86.96
  • 91.03
  • 0.84

Бельгияда кыргызстандык бренддердин кийимдери көрсөтүлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. 1-декабрда Кыргызстандын Бельгия Королдугундагы элчилигинде европалык өнөктөштөрдү ата мекендик жеңил өнөр жайынын продукциялары менен тааныштыруу максатында «Кыргыз Текстиль» компаниясынын презентациясы болуп өттү.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, кыргыз текстиль буюмдарынын экспозициясында Toolai, Nariste, Sabi Fashion, Larrus, Duet.Clo, Mona Lisa, Aziar, Lichi, Premium, Chopa, MS For You, Ago In Style, Merry Co, Sannara, Fenix Fly, Baziko, Guliza, First Fashion, Raima, Nusha Apparel, Janel Fabric, White Orange and Sollisa ата мекендик бренддердин продукциялары коюлган.

Презентацияга Фландрия инвестиция жана соода агенттигинин (FIT), Бельгиянын Тышкы иштер министрлигинин, Европанын тышкы аракеттенүү кызматынын, Еврокомиссиянын, Diplomatic World басылмасынын өкүлдөрү жана Борбор Азия боюнча адистер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тигүү тармагынын тарыхы, учурдагы абалы жана анын өнүгүү перспективалары менен таанышып, ошондой эле кыргыз текстилинин Евробиримдиктеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү кандай факторлордон көз каранды болоорун талкуулашты.

Иш-чара кыргыздын улуттук тамак-ашынан даам татуу жана туристтик жана инвестициялык потенциалды көрсөтүү менен аяктады. Мындай аракеттер конокторго Кыргызстан жана анын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу толук маалымат алууга мүмкүндүк берди.

Пикир

Оставить комментарий