Бельгияда "Кыргызстандын маданий күчү: Манас эпосу" аттуу макала 3 тилде жарык көрдү

Маданият 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги кыргыз элинин улуттук жана элдик чыгармачылыгын жана дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври болгон "Манас" эпосун жайылтуу иштерине өзгөчө көңүл бурууда.

Элчиликтен билдиришкендей, жакында "Кыргызстандын маданий күчү: Манас эпосу" аттуу макалалар Бельгиянын бир нече журналдарында жана интернет булактарында англис, француз жана түрк тилдеринде басып чыгарылды.

Мындай чара КР президентинин "Манас" эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу алкагында ишке ашырылууда.

Макалада европалыктар үчүн кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын казынасын, анын ичинде дүйнөдөгү элдердин эпикалык чыгармаларынын формасы жана мазмуну боюнча эң көлөмдүүсү катары XIX кылымда кеңири белгилүү болгон "Манас" эпосу тууралуу маалымат сунушталат.

Аталган макалалар элчиликтин колдоосу менен Борбор Азиянын тарыхы жана географиясы боюнча адистешкен тарыхчы жана айлана-чөйрө боюнча эксперт, Брюсселдеги Эркин университеттин экологиялык менеджмент жана жерди пайдаланууну пландоо институтунун илим кандидаты Дейра Сойсал тарабынан которулуп, жарык көрдү.

Пикир

Оставить комментарий