Беларусь Кыргызстандан эт жана жашылча-жемиштерди импорттоого кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун Керектөөчүлөр коомчулугунун республикалык союзунун башкармалыгынын төрайымы (Белкоопсоюз) Инесса Короткевич менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн рынокторуна кыргыз жана белорус өнүмдөрүн өз ара жеткирүү боюнча эки тараптуу кызматташуу багыттарын кеңири талкуулашты.

"Беларусь тарап Кыргызстандан Белкоопсоюздун соода түйүндөрүнө эт жана жашылча-жемиштерди ташууга кызыкдар экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жеңил өнөр жай тармагында, анын ичинде аң терисинен жасалган буюмдарын тигүү жана сатуу боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.


Белкоопсоюз – социалдык багыттагы көп тармактуу коммерциялык түзүм. Белкоопсоюздун курамына соода жана коомдук тамактануу ишканалары, даярдоо тармагы, тери-жүн чарбалары, өнөр жай, транспорт жана курулуш уюмдары, тармактык окуу жайлар кирет. Белкоопсоюздун курамында 5 миңден ашык соода объектилери бар. Мындан тышкары, республика боюнча 5 миңден ашык адамды иш менен камсыздаган, 3 миңге жакын продукциянын түрүн чыгарган 300 өндүрүш объектиси иш алпарат.

Пикир

Оставить комментарий