• 84.46
  • 93.22
  • 0.88

Беларусь менен жашыруун маалыматты эки жактуу коргоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.09.17 /Кабар/. Бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «2015-жылдын 27-октябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

3-окуудагы мыйзам долбоору боюнча Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев баяндама жасады.

Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы саясbй, аскерий, экономикалык, илимий-техникалык жана башка жааттагы кызматташуулардын жүрүшүндө ишке ашырылган жашыруун маалыматтарды коргоону камсыздоо болуп саналат.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбейт жана социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик жана экологиялык терс кесепеттерге алып келбейт. Ошондой эле жарандарды жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына каршы келбейт, ишкерликти тескебейт. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетти кошумча чыгымга алып келбейт.

Пикир

Оставить комментарий