• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Беларусь премьер-министри Роман Головченко Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Беларусь премьер-министри Роман Головченкону министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Роман Головченко үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.

Пикир

Оставить комментарий