• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Беларуста Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. 24-27-октябрда Минск шаарында Кыргызстандын Маданият күндөрү Беларуста өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн алкагында бир катар маданий иш-чаралар мерчемделүүдө.

Тактап айтканда, кыргыз киносу жумалыгынын ачылышы болуп, анда ата мекендик режиссерлордун заманбап кинотасмалары тартууланат.

Мындан тышкары, Кыргызстандын материалдык жана материалдык эмес маданий мурастары боюнча сүрөт көргөзмөсү жана эки өлкөнүн белгилүү коомдук жана маданий ишмерлеринин катышуусунда илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын форуму уюштурулат.

Маданият күндөрүнүн акыркы жана негизги иш-чарасы катары Минск шаарындагы Беларус мамлекеттик филармониясында кыргыз искусство чеберлеринин гала-концерти болот.

Белгилей кетсек, кыргыз-беларус эки тараптуу мамилелеринин тарыхында Кыргызстандын Беларустагы Маданият күндөрү биринчи жолу өтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий