• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Беларуста президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү өтүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Күн мурун Беларуста президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды. Бул тууралуу БелТа маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, шайлоо 25-январга чейин уланат. Бул аралыкта 26-январда шайлоо участкаларына келе албаган шайлоочулар добуш берүүгө укуктуу. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү учурунда участкалык комиссиялар саат 12:00дөн 19:00гө чейин тыныгуусуз иштейт.

Бул жолу президенттик шайлоого беш талапкер ат салышууда. Алардын арасында өлкөнү 31 жылдан башкарып келаткан 70 жаштагы Александр Лукашенко дагы бар.

Белгилей кетсек, Беларуста президентти шайлоо 2025-жылдын 26-январына белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий