• 87
  • 90.41
  • 0.84

Беларуста өткөн ЕӨАКтин жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

ЕАЭБ 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Беларустун Несвиж шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду:

- Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2024-жылдын 2-февралындагы № 2 буйругун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө;

- Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы № 3 буйругун ишке ашыруу жөнүндө;

- Евразия экономикалык комиссиясынын 2023-жылга трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралары жөнүндө жылдык отчету жөнүндө;

- 2023-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоого мониторинг жүргүзүү жөнүндө;

- Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.

Пикир

Оставить комментарий