Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Эл акыны Рамис Рыскуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканлай, акындын сөөгү өзү жашаган үйдөн чыгарылып, Ала- Арча көрүстөнүнө коюулду.
Эске сала кетсек, 2021-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл акыны, белгилүү акын, котормочу жана сүрөтчү Рамис Рыскулов 86 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган. Кызыл-Тоо мектебинин 7-классын бүтүргөндөн кийин кичинесинен зээндүү, окууга дилгир бала шаарга барып окуйм деп жол тартат. Педагогикалык окуу жайына тапшырып, аны 1951-жылы бүтүрөт. 1955-жылы Москвадагы ВЛКСМ БКнын алдындагы Борбордук Жогорку комсомолдук мектебин жана 1959-жылы Максим Горький атындагы Бүткүл союздук адабият институтун бүтүргөн. Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында, 1959-1960-жылдары «Ала-Тоо» журналында иштеген.
Р. Рыскуловдун 14 жашында жазган «Айтабыз алкыш атага» деген ыры «Кыргызстан пионери» газитине жарыяланган жана «Эки энем» аттуу ырына обон чыгарылган. Акындын туңгуч ырлар жыйнагы 1959-жылы «Жаз» деген ат менен жарык көргөн. Ал ошондой эле «Поклон земле», «Даңкан», «Шаттуу ырлар», «Дилбар», «Күлкү чачам», «Жаштык шаары», «Эки жөжө», «Ырлар», «Ай бөбөк», «Ыр нөшөрү» аттуу жыйнактардын автору. 1950-жылдардын ортосунда кыргыз поэзиясынын тематикалык мазмунун жаңылоо, кеңейтүү багытында демилге көтөргөн да Р. Рыскулов болгон.
Ал кыргыз адабиятында биринчилерден болуп кыргыз поэзиясын жаңы ыргак, уйкаштык формалар, жаңыча саптар менен байытып, кыргыз поэзиясында ак ырдын тамыр алышына өтө орчундуу эмгек сиңирди.
Акын А. С. Пушкиндин, Н. А. Некрасовдун, С. В. Михалковдун, С. А. Есениндин, В. В. Маяковскийдин, А. А. Вознесенскийдин жана Х. Алимжановдун ырларын кыргызча которгон.
Рамис Рыскулов жеке эле ыр жазбастан сүрөтчүлүк өнөрү менен да таанымал. 1987-жылы ал тарткан «Иисустун өнүгүүсү» жана «Жылмаюу» деген сүрөттөр Москвада өткөн элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө коюлган. Ал ошондой эле Париждеги СССР элдеринин элдик кол өнөрчүлөрүнүн II фестивалына катышып, диплом алган жана фестивалдын лауреаты болгон.
1986-жылы поэзиядагы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз маданиятына жана адабиятына кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1994), Кыргыз Республикасынын эл акыны (1995) деген ардак наамдар ыйгарылган.
2017-жылдын 12-декабрында ТҮРКСОЙ эл аралык уюму көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Жусуп Баласагын атындагы медалы менен сыйлаган.
2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарынын маданий өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» деген наам берилген.
Пикир
Оставить комментарий